Евробиримдик кеңеши Орусияга каршы экономикалык санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга – 2027-жылдын 31-июлуна чейин узартты. Жарыяланган чектөөлөрдү улантууну жакында биримдиктин саммитинде мүчө мамлекеттердин лидерлери жактырышкан.Санкциялар Орусия эл аралык укукту бузган аракеттерин токтотмоюнча улана берери белгиленди. Зарыл болсо кошумча чектөөлөр да киргизилиши ыктымал экени да айтылды.Соода-сатык, каржылык сектор, энергетика жана кош багыттагы товарларга байланыштуу санкциялардын...