Акыйкатчы институту жашы 18ге чыга элек кыздарды күйөөгө берүү көп катталып жатканына тынчсызданууда. Кыргызстанда өткөн жылы 13–17 жаштагы 320 өспүрүм төрөп, 40тайы бойдон алдырган. Башкы прокуратура нике мыйзамын бузууга байланыштуу 34 кылмыш ишин козгоп, 100дөй адам соттолгон. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн төрөт маалындагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда экенин, эрте турмуш куруунун кесепети оор экенин эскертип келет. “Азаттык” ушул...