Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Монголиянын коргоо министри Батлут Дамбой менен жолугушту, ал расмий сапар менен өлкөгө келип жатат. Сапардын алкагында монгол делегациясы Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеев менен биргеликте «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин зыярат кылышты. Бул жерде алар кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялык окуялардын курмандыктарына жана белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге арналган мемориалга гүл коюу церемониясында катышышты.
Переговорлордун жүрүшүндө коргоо министрликтеринин жетекчилери Кыргызстан менен Монголиянын аскердик чөйрөдөгү кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги боюнча талкуу жүргүзүштү. Негизги көңүл эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу маселелерине, ошондой эле өз ара кызыкчылыкка ээ болгон башка кызматташтык багыттарына бурулду.