Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин биринчи орун басары Жениш Сейдалиевдин жетекчилиги астында Кара-Балта шаарында жаңы санитардык полигонду куруу боюнча жумушчу жыйын өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АРИС, Кара-Балтинский кен-байытуучу комбинаты, Талды-Булак айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Проекттин баасы 4 миллион АКШ долларын түзөт, Япониянын гранттык колдоосу менен ишке ашырылууда жана «Фукуока» технологиясы боюнча иштелип чыккан пилоттук полигонду түзүүнү көздөйт. Бул полигон заманбап экологиялык жана санитардык стандарттарга жооп берет.
Жыйындын жүрүшүндө жер участогун тандоо, муниципалдык кызматташтык механизмдери жана экологиялык талаптарды сактоо маселелери каралды. Табигый ресурстар министрлиги бул проектти координациялоого жана коштоп жүрүүгө даяр экенин билдирди.
«Кара-Балта заманбап жана коопсуз полигонго муктаж. Бул шаар жана жакынкы айылдардын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана экологиялык абалды оңдоо үчүн маанилүү кадам», — деп белгиледи Жениш Сейдалиев.