Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 26-июнда табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.23-июнда “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен машиненин ичиндеги 12 жаштагы кыз менен алты жаштагы бала сууга агып кеткен. Кыздын сөөгү ошол эле күнү табылып, бала изделип жаткан.Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери, милиция...