
Кара-Балтада катуу үй-бүлөлүк калдыктар үчүн жаңы санитардык полигон куруу боюнча жумушчу жыйын өттү. Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги уюштурган иш-чарага министрликтин биринчи жетекчилери, жергиликтүү бийлик, Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.