Аида Исатбек кызы: Кыргызстанда парламенттеги аялдардын үлүшү 33,4% га жетти

Кыргызстан аялдардын мамлекеттик процесстерге катышуусун активдүү илгерилетүүдө, бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Бишкекте өтүп жаткан ШОС аялдар форумунда билдирди. Ал аялдардын лидерлигин өнүктүрүү аймактарда туруктуу прогрессти камсыз кылуу үчүн негизги аспект экенин белгиледи.

Исатбек кызы аялдар катышуучулар гана эмес, коомдогу өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы экенин айтты. Кыргызстан 2019-жылы ушундай эле форумду өткөрүп, ал тажрыйба алмашуу, өнөктөштүктү бекемдөө жана гендердик теңдикти илгерилетүү үчүн маанилүү мейкиндикке айланган.