Үстүбүздөгү аптада украиналык дрондор Орусиянын Оренбург аймагындагы газ иштетүүчү заводго сокку ургандан кийин Казакстан Карачаганак мунай-газ кениндеги өндүрүштү азайтты. Бул тууралуу 26-июнда казак энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирди.Анын маалыматына караганда, өндүрүш 9 миң тоннага кыскарды.Министр жергиликтүү кардарларды газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи.Оренбургдагы заводдо Казакстан керектеген газдын 30 процентине жакыны кайра иштетилет. 24-июнда...