Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарган. Экс-депутат март айында кармалган. УКМК маалымдагандай, Конгантиев жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө.