Кыргызстан боюнча 27-июнга карата аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 27-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ичинде өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө кыска мөөнөттүү жамгыр жана гроза болот. Айрыкча Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында күчтүү жаан-чачын күтүлүүдө.
Шамал батыштан 4-9 м/с ылдамдыкта болот, бирок күндүз айрым жерлерде анын ылдамдыгы 15-20 м/с жетиши мүмкүн.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнү +18...+23
күндуз +32...+37
Талас облусу
түнү +14...+19
күндуз +28...+33
Баткен облусу
түнү +19...+24
күндуз +33...+38
Ош, Жалал-Абад облустары
түнү +19...+24
күндуз +33...+38
Ысык-Көл облусу
түнү +13...+18
күндуз +26...+31
Нарын облусу
түнү +7...+12
күндуз +25...+30
Бишкекте түнү жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана гроза күтүлүүдө. Шамал батыштан 4-9 м/с, 14 м/с чейин күчөйт. Түнкү минималдуу температура 21…23°, күндүз максималдуу температура — 35…37° болот.
Чолпон-Атада да түнү жаан-чачын болбойт, бирок күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана гроза болушу мүмкүн. Шамал батыштан 4-9 м/с. Түнкү температура 15…17°, күндүзгү температура 26…28° болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде 25-июндагы суу температурасы күндүз 22,6°, 26-июнда таңкы убакта 20,3° болду.