
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 25 жылдан бери региондогу туруктуу өнүгүү жана коопсуздукту активдүү колдоп келет, аялдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгүн туруктуулук жана прогресске жетүүнүн негизги факторы катары баса белгилеп келет. ШКУнун орун басар генеральдык катчысы Пяо Янфань бул ойду Бишкекте өткөн ШКУ аялдар форумунда билдирди.
Анын айтымында, аялдардын экономикалык процесстерге толук катышуусу адилеттүү коомду түзүү жана заманбап чакырыктарга эффективдүү каршы туруш үчүн зарыл. Пяо бул Шанхай рухунун негизги принциптерине, мисалы, өз ара ишеним жана маданий көп түрдүүлүккө сый көрсөтүү менен шайкеш келерин белгиледи.