28-29-июнь күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 35-40° чейин жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Күчтүү ысык шарттарында суу жетишсиздигинен жана жылуулук соккуларынан сактануу үчүн чараларды көрүү маанилүү. Күндүн астында болууну минималдуу деңгээлге түшүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жетиштүү сугарууну камсыздоо сунушталат.