
Иш-чаранын катышуучулары уюмдун катышуучу өлкөлөрүндөгү аялдардын саясатта, экономикада жана коомдо ролун кеңейтүү маселелерин талкуулашууда
Бишкекте 26-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Аялдардын лидерлиги» темасына арналган Аялдар форуму башталды. Бул иш-чара 26-27-июнь күндөрү өтүп, 2026-жылга пландалган Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында өткөрүлүүдө.
Форум ШКУга катышуучу өлкөлөрдүн делегаттарын, мамлекеттик структуралардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттерди, аялдар ишкерлерди жана региондогу аялдар кыймылынын лидерлерин чогултту.
Катышуучулар аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык жашоодогу катышуусун көбөйтүү маселелерине, ошондой эле ШКУ алкагында туруктуу өнүгүү процессине активдүү тартуу үчүн жаңы механизмдерди түзүүгө көңүл бурушту.
Сүрөт www