Манас шаарында «Мен чемпионмун» республикалык оюндарында оор атлетика боюнча мелдештер аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Физикалык тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Командалык эсеп боюнча катышуучулар үчүн эки категорияда — жигиттер жана кыздар боюнча сыйлык орундар аныкталды.
Жигиттер арасында биринчи орунду Жалал-Абад облусунун командасы, экинчи орунду Талас облусу, үчүнчү орунду Баткен облусу ээлешти.
Кыздар турнири боюнча да Жалал-Абад облусунун командасы алдыда болду, экинчи орунду Талас облусунун катышуучулары, үчүнчү орунду Нарын облусунун спортчулары алышты.