
Коомдук коопсуздук кызматкерлери коштошуу кечелерин жана «таң атканча» жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынганын эскертишти.
26-июнда Бишкектеги 120 мектепте 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана күбөлүктөрдү тапшыруу салтанаттары өтүүдө. Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, расмий церемониялар өлкө боюнча бир убакта, саат 09:00дө башталды.
Башкы шаарда коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин сактоо үчүн 2 миңден ашык укук коргоо кызматкерлери тартылган.
Бишкектеги Ички иштер башкармалыгы уруксатсыз коштошуу кечелерин, суу жээктерине жана шаардан тышкары массалык чыгуу уюштурууга, ошондой эле таң аткандагы салттуу жолугушууларга тыюу салынганын эскертишти.
Күч структуралары ата-энелерди балдарынын эс алуусун көзөмөлдөөгө, унаалардын ачкычтарын бербөөгө жана алкогольду колдонбоого чакырышты.
Сүрөт www