Катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Венесуэлага жер-жерден жардам жеткирилип, куткаруучулар жөнөтүлүүдө.Жума күнү таң эрте Чили, Испания, Мексика жана көптөгөн башка өлкөлөрдөн чукул кырдаал бөлүктөрүнүн кызматкерлери барды. Арасында дарыгерлер, медайымдар менен адамдарды издөөгө машыктырылган иттер бар.24-июнда кечинде болгон эки зилзаладан, акыркы маалыматка караганда, 235 киши каза тапты. Борбор шаар Каракаста жана айланасында үйлөр, имараттар кыйраганда жүздөгөн киши урандылардын астында...