Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы жолугушууларында бир канча киши УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун атын атап, президентке даттанышты. Бишкек шаарынын тургуну Чыныгүл аттуу жаран кайрымдуулук фондуна байланыштуу маселени көтөрдү.