Централдык Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо үчүн энергетика, транспорт, суу инфраструктурасы жана логистикага олуттуу инвестициялар зарыл. Бул тууралуу ЕАБРдин эл аралык форумундагы «Централдык Азияга инвестициялар: мүмкүнчүлүктөр жана өнөктөштүктөр» сессиясында айтылды.
Учурда эл аралык өнүктүрүү банктары ири инфраструктуралык долбоорлор үчүн негизги каржылык институттар болуп саналат. Бирок региондогу өлкөлөрдүн муктаждыктары жеткиликтүү каржылоонун көлөмүнөн тезирээк өсүүдө, бул жеке инвесторлорду активдүү тартуунун жана эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташууну күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгилейт.