
Кыргызстандын транспорт жана байланыш министри Талантбек Солтобаев 23-25-июнь күндөрү Нарын облусуна жумушчу сапар менен барып, автомобиль жолдорун жана жол инфраструктурасынын объектилерин текшерди. Сапардын максаты актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү үчүн чараларды белгилөө болду.
Сапар учурунда министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерине жолдорду куруу жана оңдоо боюнча иштерди убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле долбоорлордун ишке ашуусунун жүрүшү тууралуу убагында маалымат берүү зарылдыгына көңүл бурулду.