Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев жана видеоблогер шаар тургундарына «Манас» университети аркылуу Минжилкиева көчөсүн казуу боюнча пландалган иштер тууралуу кайрылуу жасашты. Мамлекеттик кызматкер бул иштер борбордун Генералдык планына ылайык жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мэрия жаңы жол курууну эмес, бар жолду жаңылап, жол жабдыгын алмаштырып, жолдун туурасын, тротуарларды жана жашылдандырууну сактап калат.
Коопсуздукту жогорулатуу максатында эки жер алдындагы өтмөктү куруу пландалууда. Иштерди жүргүзүүгө тоскоол болгон айрым дарактар экскаватордун жардамы менен казылып, шаардык питомникке же университеттин башка участокторуна көчүрүлөт.