26-июнга караган түнү Украина учкучсуз учактар менен Орусиянын бир нече аймагына чабуул койду. Негизги буталардын бири Тула облусунун Новомосковск шаарындагы "Азот" химия заводу болду.Мониторинг жүргүзгөн Telegram каналдардын маалыматы боюнча, ишканага чабуул бир нече саат бою уланды.Күбөлөр заводдун аймагында жарылуу болуп, коюу түтүн каптаганын, аба аммиак жыттанып жатканын, электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүккө учураганын билдиришти.Ошондой эле Новомосковск ГРЭС ишканасы...