Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жана Бишкектеги АКШнын элчиси Лесли Вигери жүк авиарейстерин ишке киргизүү жана жарандык авиация тармагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча жолугушуу өткөрүштү.
Тараптар өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө көңүл буруп, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы «Ачык асман» келишими боюнча долбоорду талкуулашты. Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин ортосундагы авиакаттамды кеңейтүү маселелери жана авиация тармагын өнүктүрүү пландары да каралды.
Мындан тышкары, катышуучулар Boeing компаниясы менен өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандагы жарандык авиацияны модернизациялоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Күн тартибиндеги маанилүү пункт болуп, АКШнын Транспорттук коопсуздук башкармалыгына (TSA) аудитке даярдык көрүү жана жүк авиарейстерин ишке киргизүү маселелери болду.
Авиациялык кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет, агенттиктин маалымат кызматы билдирет.