Орусия жана Украина ар бири 160тан согуш туткунун алмашты. Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, орусиялык туткундар Беларуска жөнөтүлдү. Андан кийин алар мекенине алынып барып, дарыланат жана реабилитациядан өтмөкчү.Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги айырбаштоонун алкагында орустардын туткунунан 160 жоокер бошотулганын бышыктады.Анын айтымында, алардын бардыгы 2022-жылдан бери Орусияда кармалып келген. Арасында Мариуполдун жана «Азовсталдын» коргоочулары, Донецк,...