Кыргызстандын Почтасы Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) 20 жылдыгына арналган жаңы маркасын тааныштырды. Бул окуя ЕАБРдин жылдык жыйыны жана Бизнес-форумунун жүрүшүндө болду, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
Марканын биринчи үлгүсүн жоюу салтанатына экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ЕАБРдин башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов жана Кыргызстандын Почтасынын башка өкүлдөрү катышты.
Бакыт Сыдыков ЕАБРдин жетекчилигин юбилейи менен куттуктап, банктын Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара өнөктөштүктүн мындан ары да бекемделетине ишенимин билдирди.

Николай Подгузов марканын чыгарылышы Кыргызстаннын ЕАБРдеги катышуусунун 15 жылдыгында символикалык мааниге ээ экенин баса белгилеп, биргелешкен иштин Кыргызстанды жана Евразия аймагынын туруктуу өнүгүшүнө жардам берерин үмүттөнөрүн айтты.