Өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жарандарын балдарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Бул билдирүүнү ал социалдык тармактардагы баракчасында жасады.

Ал Кегети капчыгайында батып кеткен 6 жашар баланын туугандарына көңүл айтты, анын денеси 26-июнда табылган. Ошондой эле Талас районунда дайынсыз жоголгон 15 жашар өспүрүмдү издөө иштери уланууда.