Президент Садыр Жапаров Венесуэла Республикасынын убактылуу президенти Делси Родригеске катастрофалык жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктар жана олуттуу кыйроолор болгондугуна байланыштуу көңүл айтып телеграмма жиберди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов маалымдады.
Телеграммада Жапаров Боливардык Венесуэла Республикасындагы трагедиялуу окуяларга байланыштуу терең кайгыруу сезимин билдирди, анда күчтүү жер титирөө адамдардын өмүрүн алып кетип, олуттуу кыйроолорго алып келди.