Депутат Болот Сагынаев Баткендеги 1999-2000-жылдардагы окуяларды Баткен согушу деп таануу жана бул окуяларга катышкан адамдарга социалдык кепилдиктер берүү боюнча демилге көтөрдү. сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлган.
Сагынаев Кыргызстанда ардагерлердин статусун аныктоо жана алардын социалдык колдоосун камсыздоо маселелери "Согуш ардагерлери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана эмгек ардагерлери жөнүндө" мыйзам менен жөнгө салынарын белгилейт. Бирок, учурдагы мыйзамдарда Баткен окуяларынын катышуучулары үчүн өзүнчө укуктук статус жок.