Италияда эл аралык акындар-импровизаторлордун айтышын өткөрүү пландалууда. Бул маалымат Кыргызстандын Италиядагы элчиси Эрмек Омуралиевдин Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда, Маданият министрлигинин катышуусунда уюштурулган, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтык багыттары талкууланды. Тараптар эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурушту.