Кыргызстандын укук коргоочулары Стамбул протоколун сактоого чакырды


26-июнда, БУУнун азаптоолордун курмандыктарын колдоо күнүндө, "Бир Дуйно Кыргызстан" коомдук бирикмеси кыргыз бийликтерин азаптоолорду алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Уюм бардык зомбулук учурларын көз карандысыз иликтөөнү камсыз кылууну жана коомдук көзөмөлдүн натыйжалуу механизмдерин калыбына келтирүүнү талап кылууда.