
Бишкекте өтүп жаткан ШОСтун Аялдар форумунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Кыргызстандагы Жогорку Кеңеште аялдардын үлүшү 33,4% түзөрүн, ал эми жергиликтүү кеңештерде бул көрсөткүч 40% га жетерин билдирди. Бул аялдардын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине тартылышында маанилүү прогрессти көрсөтөт.