
2026-жылдын биринчи алты айында Акыйкатчы Институту Кыргызстандагы жабык жана жарым-жабык мекемелерде 200дөн ашык мониторинг жүргүздү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик органдарга 50дөн ашык жооп актылары жөнөтүлдү, ал эми азаптоо фактысы боюнча бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу, азаптоо курмандыктарын колдоо боюнча Эл аралык күнгө арналган пресс-конференцияда, Акыйкатчы Институтунда азаптоолорду алдын алуу жана адам укуктарын сактоо башкармалыгынын начальниги Эмиль Джандаев билдирди.