Бишкекте жаш лидерлерди бийлик жана коом менен өз ара аракеттенүүгө үйрөтөт


29-июндан 2-июлга чейин Бишкекте "Күчтүү жаштар - күчтүү өлкө" долбоорунун алкагында жаштар лагери өтөт, ал жерде борбордон жана Талас облусунан 75 жаш лидер чогулмакчы. Иш-чаранын катышуучулары өз лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүп, жарандык катышуунун инструменттерин үйрөнүп, коомдогу актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган демилгелерди иштеп чыгышат.