73 жашында Россиянын мурдагы коргоо министри жана президент администрациясынын экс-башчысы Сергей Иванов дүйнөдөн кайтты. Ал Владимир Путин менен КГБ жана ФСБ структураларында иштеди, ошондой эле өлкөнүн өкмөтүндө жогорку кызматтарды ээлеген. Иванов Путиндин мүмкүн болгон мураскерлеринин бири катары эсептелген, бирок президенттик кызматка Дмитрий Медведев дайындалган.

«Сергей Борисович Иванов дүйнөдөн кайтты. Ал ВТБ бирдиктүү лигасынын ардактуу президенти болчу», — деп билдиришти россиялык баскетбол лигасынан.