Белгилүү түрк актеру, Йешилчам доорунун көрүнүктүү өкүлү Кадир Инаныр 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.Маалыматка караганда, актер ден соолугу начарлап, 14-май күнү клиникага жаткырылган. Ал өпкөсү кагынып, тогуз күндөн кийин ооруканада каза болгон.Кадир Инаныр өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде түрк тилинде тартылган тасмада Ильястын ролун аткарган.Йешилчам (Yeşilçam) деп АКШнын...