Венесуэлада катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны кеминде 920га жетти, 3300дөн ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу 26-июндун кечинде өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын (парламентинин) төрагасы Хорхе Родригес билдирди. Анын айтымында, эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штатын армия тартипти камсыздоо жана куткаруучуларга жардам берүү үчүн көзөмөлгө алды. Ички иштер министри Диосдадо Кабельо буга кошумчалагандай, Ла-Гуайрага өлкөнүн башка аймактарынан кеткен бардык жолдор жабык. 24-июнда...