Кыргызстандын издөө кыймылы "Биздин Жеңиш – Наша Победа" өлкөнүн жарандарына, архивисттерге, издөөчүлөргө жана Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы аскер комиссариаттарынын кызматкерлерине кызыл армеец Джура (Джурабай) Султановдун жеке инсандыгын аныктоого жана туугандарын издөөгө жардам берүүнү суранып кайрылууда.
2018-жылдын 7-сентябрынан 23-сентябрына чейин Крымда өткөн "Эстелик Вахтасы – 2018" экспедициясында өлгөн совет солдатынын сөөктөрү жана өлүм медальону табылган. Экспедицияны Крымдын регионалдык патриоттук издөө ассоциациясы "Отчизна" уюштурган.