Кыргызстан инвестиция тартуу боюнча иштерин күчөтөт


Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги жана Кыргызстандын элдеринин Ассамблеясы инвестиция тартуу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу максатында өз ара түшүнүшүү меморандумун түзүштү. Документ 26-июнда кол коюлду жана агенттиктин басма сөз кызматы тарабынан маалымдалды.