АКШ Ирандагы объектилерге сокку уруп, Ормуз булуңунда жүк кемесине болгон чабуулга жооп берди

АКШнын куралдуу күчтөрү Ормуз булуңунда коммерциялык жүк кемесине каршы жасалган чабуулга жооп катары ирандык объектилерге сокку урушту. 27-июнда АКШнын борбордук командованиеси (CENTCOM) бул окуя боюнча билдирүү жасады.
Америкалык тараптын маалыматы боюнча, сокку ракеталар жана учкучсуз учактар үчүн складдарга, ошондой эле Ормуз булуңундагы жээк радиолокациялык станцияларына багытталган. CENTCOM, жарандык кемелерге болгон чабуул тынчтык орнотуу режимин бузуу экенин белгиледи.

Командованиенин билдирүүсүндө: «Иран күчтөрүнүн соода кемелерине каршы агрессиясы тынчтык орнотуу режимин ачык бузат» деп айтылган. АКШ ошондой эле коммерциялык кемелердин Ормуз булуңунан өтүшүнүн коопсуздугун камсыздоону улантаарын билдирди.