Кабмин: Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу курулушу туруктуу темпте жүрүүдө
Вице-премьер-министр жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжоу Сини менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырган темир жол куруу долбоорун ишке ашырууга көңүл бурушту.

Жолугушуунун катышуучулары бул долбоордун бардык катышуучу өлкөлөр үчүн стратегиялык маанисин белгилешти. Ал регионалдык интеграцияны өнүктүрүүгө, соода-экономикалык мамилелерди бекемдөөгө жана жаңы эл аралык транспорт коридорун түзүүгө багытталган.