27-июнга караган түнү Орусия Украинага 129 учкучсуз учак менен чабуул койду. Саат 08:30га карата анын 113ү атып түшүрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди. Жети жерге 13 дрон тийгени жана урандылар түшкөнү катталды. Башкарылуучу авиабомбалар да учурулганы маалымдалды.Днепропетров облусунда дрон жана авиабомба чабуулунан 56 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганы, Сумыда 66 жаштагы эркек киши каза болгону маалымдалды.Запорожьеде алты адам, анын ичинде 13 жаштагы кыз...