Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясынын катарында аскердик аракеттерге катышкан же келишим менен согушуп жаткан чет элдиктерди депортациялоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук актылардын расмий сайтына жарыяланды.Ал "орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн, келишимдин негизинде кызмат өтөөнү уланткан, ошондой эле бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн курамында аскерий аракеттерге катышкан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок...