
Кыйноого тыюу — талашсыз укук жана ал тергөө шарттарына, кылмыштын мүнөзүнө же өзгөчө кырдаалдарга карабастан чектелбеши керек. Бул тууралуу Бишкектеги ОБСЕнин Программалык офисинин программалык адиси Александр Бекмурзин, кыйноолордун курмандыктарын колдоо боюнча Эл аралык күнгө арналган пресс-кафеде билдирди.