Ар бир үчүнчү бизнес субъектиси Кыргызстанда аял тарабынан башкарылат
Сүрөт Миниэкономикадан
Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо мамлекеттик экономикалык стратегияда маанилүү орунду ээлейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Беназир Нурланова Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун аялдар форумунда билдирди.

Министрликтин маалымат кызматына ылайык, өлкөдөгү кичи жана орто бизнес жалпы ички продукциянын 51,7 пайызын түзөт. Республикада 823 миңден ашык ишкердик субъекттери катталган, алардын 246 миңден ашыгы аялдар тарабынан башкарылат.