Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте жаңы вакцина сактоочу жайдын курулушун баштады. Бул долбоор иммунизация системасын жакшыртууга жана иммунобиологиялык препараттарды ишенимдүү сактоону камсыздоого багытталган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, курулушту аяктоо 2026-жылдын июль айынын аягына пландалган. Долбоордун жалпы баасы 107 миң доллардан ашат, каржылоо Глобалдык вакцина жана иммунизация альянсынан (Gavi) келип, ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен ишке ашырылат.