Европаны каптап алган аномалдуу ысык метеорологиялык байкоолордун тарыхында эң күчтүү болуп калды. Бул тууралуу климаттык уюм World Weather Attribution билдирди.
Франция, Германия, Италия, Испания жана Улуу Британиянын түштүк аймактарындагы өлкөлөрдө температура жайкы орточо көрсөткүчтөрдөн 5-12 градуска жогору болду.
Германияда 41,3 градус Цельсий менен рекорддук температура катталса, Франциянын Паллюо коммунасында термометр 43,8 градус көрсөткөн. Испаниянын Андалусиясында максималдуу температура 45,1 градуска жетти.