Бишкектеги «Дордой» базарында жеңил авто унаанын күйүп кетиши боюнча окуя болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.
Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, 27-июнда «Джунхай» базарынын токтоочу жайында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 12:57де Свердлов районунан № 2 өрт-куткаруу бөлүмү жөнөтүлгөн.