Кара-Балтада катуу үй-бүлөлүк калдыктар үчүн жаңы санитардык полигон куруу пландалууда. Бул чечим биринчи вице-министр Жениш Сейдалиевдин жетекчилигинде Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде өткөн жумушчу жыйындын жүрүшүндө айтылды.
Талкууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Инвестицияларды жана өнүктүрүүнү колдоо агенттиги (АРИС), Кара-Балта кен-байытуучу комбинаты, ошондой эле Талды-Булак айыл өкмөтү жана башка кызыкдар уюмдар катышты.