Бишкекте муниципалдык токтотуучу жай үчүн жаңы сааттык төлөм системасы киргизилди, азыр ал тесттик режимде. Бул тууралуу шаардык администрациядан билдиришти.
Жаңы система Жеңиш аянтында, Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында, One Group соода борбору менен аянттын ортосунда жайгашкан токтотуучу жайда ишке киргизилди. Токтотуучу жай 95 унааны кабыл алат жана 24 саат бою иштейт.