Кыргыз өкмөтү 2026–2027-окуу жылын жалпы билим берүү уюмдарында 15-сентябрда баштап, 2027-жылдын 25-майында аяктоону пландоодо. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитинин жана өлкө эгемендигинин 35 жылдыгын өткөрүүгө байланыштуу сунушталууда. Бул тууралуу 27-июнда Агартуу министрлиги билдирди.“Жалпы билим берүү уюмдарында окуу программаларынын жана окуу пландарынын толук аткарылышын камсыздоо максатында окуу...