Бишкекте бүтүрүү кечелери тынч өттү, окуялар жана коомдук тартипти бузуу болгон жок, деп билдирет борбордун ГУВДсы. Шаардын жалпы билим берүү мекемелеринде аттестаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземдер өттү, андан кийин бүтүрүүчүлөр ресторандарда жана башка жайларда ата-энелери менен бирге майрамдашты.
Иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн Бишкектин ГУВДсынын кызматкерлери күзөттү күчөтүштү. Мероприятия өтүп жаткан жерлердин жанында райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери, патрулдук-күзөт кызматынын милиция кызматкерлери жана Патрулдук кызмат башкармалыгынын инспекторлору кезектешти.